«Бул өлкө кайда жайгашкан?» – чет элдиктер Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча кандай көз карашта?
«Милиционерлер Атамбаевдин тарапташтарына карата куралдын жаны түрүн колдонушту – тактикалык таштар», - мындай пикири менен инстаграм баракчасында @shock_krg казакстандык аккаунт бөлүшүп, укук коргоо органдарынын чогулган элди таркатуу аракетин дал ушундай мүнөздөгөн.
Ал эми Россиялыктар болсо Кыргызстандагы кырдаалды көбүнесе Twitter интернет баракчасында талкуулашты.
Киргизия в авангарде свободного мира... Первый в истории майдан против бывшего президента...? https://t.co/FCA5ZOqnkD
— Александр Тирес (@AlexanderTires) August 8, 2019
Россия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин twitter-аккаунтунда калтырган пикири дагы көз жаздымда калбай, талкуу жаратты.
«Кыргызстандын экс-президентин кармоо – бул албетте аталган өлкөнүн ички иши. Бирок биз четте ийин куушуруп тура бербейбиз. Анткени Кыргызстан – биздин өнөктөшүбүз. Эгер бул окуялар саясий жана экономикалык туруксуздукка алып келсе, кесепети өтө жаман болот».Ситуация с задержанием экс-президента Киргизии – это, конечно, внутреннее дело этой страны. Но мы не можем относиться к происходящему безучастно, потому что Киргизия – наш партнер. Будет очень плохо, если эти события приведут к политической и экономической нестабильности
— Дмитрий Медведев (@MedvedevRussia) August 8, 2019
“Революцияларга болгон лимитин Кыргызстан түгөттү”, - Дмитрий Медведев мындай пикирин Бишкекке Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда келгенде билдирди. «21 кылымда революцияларга лимитин түгөттү – кыргыздар ушинтип айтканды жакшы көрүшөт. Дал ушундай окуялар өлкөдөгү саясий, анын үстүнө экономикалык кырдаалды туруксуздукка алып келсе, кесепети аябай жаман болот..», - дейт Медведев.
Бул билдирүү социалдык тармактардагы россиялыктарды талкуусуна жем таштады.
@ZloyYoungMan: «Жеңилдеп калбадымбы... (Димондун ою боюнча) Кыргызстан лимитин түгөтүптүр, ал эми СССРдин калган калдыктары лимитин түгөтө элек экен, квотасын тандабаптыр, нормадан чыкпаптыр, чектен ашпаптыр... Андыктан – кыла берсе болот! (Димон айтты)».Аж легче стало... Это Киргизия исчерпала (по Димону), а остальные обломки СССР лимиты не исчерпали, квоты не выбрали, нормы не превысили, за рамки не вышли... Так что - можно! (Димон сказал).
— ZloyYoungMan (@ZloyYoungMan) August 8, 2019
@NosBuratino: «Кыргызстан 21-кылымда лимитин түгөтүптүр». Бул лимит кайдан берилет экен? Дүйнөлүк көшөгөнүн көшөгөсү кайда илинип турат?»Медведев :«Киргизия исчерпала лимит на революции в XXI веке»
— Nos Buratino (@NosBuratino) August 9, 2019
Где же выдают эти лимиты? Где висит эта кулиса Мировой закулисы? В Грановитой палате?
@sevagrek: «Деги бизди Кудай сактаса экен! Москва – бул Россия эмес, ал өзүнчө, башкаларга кошулбаган дүйнө. Ал эми тегерегинде болсо реформаларга, тарифтерге кыжырданган эл толтура! Кокусунан башка багытта кетип калгандан кудай сактасын. Бул Кыргызстан эмес, жарылса. Алапайынды таппай каласың!»Дай БОГ чтобы у нас не полыхнуло Роман! Москва-это не Россия,это отдельный,изолированный мир,а вокруг масса обозлённого реформами и тарифами народа! Не дай Бог что-то не в ту степь,и.... Это не Киргизия, громыхнёт так, что мало не покажется никому!
— Sevagrek (@sevagrek) August 8, 2019
Twitter-ди колдонгон америкалыктар дагы өз көз караштары менен бөлүшүштү. Борбор Азияда иштеген америкалык журналист Кристофер Шварц өз аккаунтуна төмөндөгүчө оюн жазган.
@schwartztronica: «Келгиле, Кыргызстандын элине дагы татыктуу баа беребиз: мен сүйлөшкөн жарадардын басымдуу бөлүгү Атамбаев жана Жээнбековго байланыштуу кырдаал бир тараптуу эмес экендигин белгилешти. Алар менин өлкөмдөгү адамдарга салыштырмалуу саясий ой жүгүртүүнү көбүрөөк өздөштүрүшүптүр....»Let's give the people of Kyrgyzstan credit: a majority of people I've talked to recognize that this situation with Atambayev & Jeenbekov isn't black or white. They exhibit more nuanced political thinking than many in my homeland...
— Christopher Schwartz (@schwartztronica) August 9, 2019
@schwartztronica: «Мен келечекте Кыргызстанга келгиси келген адамдарды ишендиргим келет – бул мамлекет коопсуз жана жарандары меймандос. Эли сылык. Өнүгүп жаткан туристтик интустриясы өтө көп иш орундарын түзгөн. Жашаган эл жана жооптуу кызматтар оор акыбалда силердин коопсуздук сакташ үчүн болгон күчүн аябай жумшашат».I want to assure all newcomers to #Kyrgyzstan that this is a safe & welcoming country. People need you & welcome you. The emerging tourist industry has created so many new jobs here. The people & authorities are making efforts to ensure your safety during this difficult moment.
— Christopher Schwartz (@schwartztronica) August 8, 2019
Ал эми, социалдык тармактарды колдонгон айрым америкалыктар Кыргызстан деген мамлекет бар экенин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциядан кийин гана билишкенин жазып чыгышты.
@Reuters: «Шалаакылык жана күч менен жүргүзүлгөн атайын операциянын экинчи күнүндө Кыргызстандын экс-президенти колго түшүп берди».Ex-president of Kyrgyzstan surrenders a day after violent botched raid https://t.co/C1vUu0HCiC pic.twitter.com/mnKh2KU6gY
— Reuters Top News (@Reuters) August 8, 2019
@TheMartinzJr: «Бул өлкөнүн атыбы? Мен билбеген нерсе көп экен...»Is that the name of a country? I have so much to learn?
— The Miracle Called Martinz Jr. (@TheMartinzJr) August 8, 2019
@HumansAreLoco: «Арабыздан жок деген бирөө Кыргызстанды картадан таба алат бекен?»How many of us can find Kyrgyzstan on a map?
— A Progressive Human (@HumansAreLoco) August 8, 2019
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: